Ысык-Көлдө экологиялык милициясынын кызматкерлери жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген – ылаачын жырткыч кушту таап алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
15-июль күнү милиция кызматкерлерине браконьерликке каршы рейд учурунда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну үйүндө сейрек кездешүүчү канаттууну мыйзамсыз багып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын аты-жөнүн аныктап, ал 22 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан. Анын үйүнөн милиция кызматкерлери жырткыч кушту табышып, юридикалык баа берүү үчүн Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына чогулган материалдарды өткөрүп беришкен.
Ысык-Көл регионалдык экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын адистери тарабынан кармалган жырткыч куш Кызыл китепке кирген ылаачын экенин аныкташкан. Ал куш Түп районунун Николаевка айылындагы «Ителги борборуна» өткөрүп берилди.