Бүгүн, 30-декабрда саат 08:30 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, жалын саат 09:05те чектөөгө алынып, толук 10:05те өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 55 жаштагы эркек киши каза болду. Кырсыктын чыгуу себеби такталып жатат.