Abank_oct
SerepTV Logo

Жоэль Кожо катышкан жол кырсыгы боюнча Кыргыз футбол биримдиги үн катты

 Жоэль Кожо катышкан жол кырсыгы боюнча Кыргыз футбол биримдиги үн катты

29-сентябрда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын оюнчусу Жоэль Кожонун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымат таратты.

Кырдаалды тактоо максатында маалымдайбыз: оюнчу улуттук курама команданын УТБ «Мурас Юнайтед» базасындагы жайгашкан жеринен жеке иштери менен шаарга чыккан. Жибек Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде скутер айдап бара жаткан жаран менен кагылышуу болгон. Жаран медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн компьютердик томографиянын жыйынтыгында олуттуу жаракаттардын белгилери аныкталган эмес. Скутер айдап бара жаткан жаран жолду жөө адамдар өтүүчү өтмөк аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен кесип өткөн. Ошол эле учурда жол-транспорт кырсыгынын так жагдайлары жана себептери тиешелүү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Учурда Жоэль Кожо улуттук курама команданын карамагында жана Ливанга каршы алдыдагы беттешке даярдык көрүүдө.

SEREP MEDIA