Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Акчалай, калганын үйлөрү менен… Матраимов 2 миллиард сомду мамлекетке кайтарды

10:33 24.12.2020
0
Акчалай, калганын үйлөрү менен… Матраимов 2 миллиард сомду мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-декабрда маалымат жыйын берди.

Анда ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке кайтарам деген 2 миллиард сомду толугу менен төккөнүн айтты. Анын ичинен 1 миллиард 400 миллион сомун акчалай түрдө бюджеттин эсебине которгон. Калган 600 миллион сомду болсо, анын баасына тете бир соода борборун жана тогуз батир үйдү өткөрүп бергенин Камчыбек Ташиев билдирди. «Анын ичинен сегиз батир үй УКМКнын кызматкерлерине, бир чоң аянттуу батир үй балдар үйүнө өткөрүп берилет. Матраимовдун өлкө ичиндеги кылмыш иштери боюнча тергелип бүттү, ал жакын арада сотко ашат», — деди ал.

Ташиевдин айтымында, 2 миллиард сом деген сумма тергөө тарабынан аныкталган жана Матраимовго карата козголгон кылмыш иши уланат, үй камагында кала берет. «Матраимов өзү биз менен кызматташууну каалады. Мамлекетке кантип зыян келтиргенин өзү кенен айтып берди. Бир эпизодун айтып берейин. Кытайдын чек арасынан Кыргыз өлкөсүнө өткөн ар бир жүк ташуучу унаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин алганбыз деди. Кандайдыр бир деңгээлде келтирилген зыяндын суммасы ал жетектеп турган мезгилдеги унаалардын санынан улам келип чыкты», — деди Ташиев.

Кылмыш иши уланып жатканы боюнча мындан ары анын тышкы байланыштарга, контрабандага тиешеси бардыгы же жоктугу тергелерин айтты. «Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү, тагыраагы Дубайдагы, АКШдагы, Европа өлкөлөрүндөгү мүлктөрү текшерилет. Эгерде табылса жана анын мүлктөргө тиешеси бардыгы далилденсе, анда мыйзамдуу чаралар көрүлөт», — деди УКМКнын төрагасы.

Матраимов 20-октябрда УКМК тарабынан кармалып, бирок тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. УКМК Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, бул сумманы ноябрь айынын аягына чейин бюджеттин эсебине которорун маалымдаган болчу.

Ушул эле айда адегенде Райымбек Матраимов, ага удаа эле жубайы Уулкан Тургунова АКШнын “кара тизмесине” кирген.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү