Ак Үйдө кадрдык өзгөрүүлөр уланып жатат. Кечээ президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнө басма сөз катчы кылып алып баруучу Галина Байтеректи дайындаган эле. Бүгүн журналист Нургазы Анаркуловду президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кылып дайындады.
Садыр Жапаров кеңешчи жана жардамчыларын эмне себептен иштен бошоткон?
Президенттин маалымат кызматынын башчысынын айтымында, өлкө башчысынын жардамчыларынын бири Айдар Халиков кызматтык күбөлүгүн өзүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланган. "Өзбекстандан контрабанда менен...