Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каршы экенин билдиргенине карабай, сот анын үч ишин бириктирип кароону чечти. Соттук процесстин өзү буга чейинкидей жабык эмес, ачык өтмөй болду.
Ошентип төмөндөгү иштер чогуу каралат:
— 7-8-август күндөрүндөгү Кой-Таштагы окуя;
— Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине байланыштуу коррупция иши;
— Кылмыштуу жол менен табылган кирешени легализация кылуу.
Акыркы иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Кийинки соттук отурум эртең, 27-ноябрда өтөт.












