Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Бектурганов Малик Маамыталиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, ал эми Акназаров Залкар Каримжанович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалып, эмгек жамаатка расмий түрдө тааныштырылды.
Башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы орун басарларына прокуратура органдарынын ишин мындан ары да системалуу өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттерди жүктөп, жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...