Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарында төрагалык кылуучу катары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын ачты. Жыйында мүчө мамлекеттердин алдында турган актуалдуу маселелер талкууланып, келечектеги өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары аныкталып, ШКУнун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын атынан төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Мамлекет башчысы биринчи кезекте ШКУну тең укуктуу өнөктөштүктүн мейкиндиги катары мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Биздин Уюм мындан ары да блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек”, - деп баса белгиледи президент.
Экинчиден, Садыр Жапаров белгилегендей, коопсуздуктун натыйжалуу жана ажырагыс системасын түзүү зарыл. Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду тез арада ишке киргизүүгө өзгөчө маани берди. Бул контекстте Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнү билдирилди.
Үчүнчүдөн, мамлекет башчысы экономикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге өткөрүүнүн зарылдыгын айтты. Садыр Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин практикалык жактан чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мүчө мамлекеттерди жана ишкер чөйрөлөрдү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда ачылган “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды. Андан ары Мамлекет башчысы транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы иш жүзүндөгү эң маанилүү кадам катары “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун атады. Мындан тышкары, ШКУнун маданий-гуманитардык негизин бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун бирдиктүү технологиялык мейкиндигин түзүүнүн зарылдыгы да айтылды. “Мамлекеттердин заманбап технологияларга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү, анткени санариптик теңсиздик жаңы бөлүп-жаруучу чекке айланбашы керек”, - деп баса белгиледи президент.
Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашып, Уюмду мындан ары өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров төрагалык кылуу эстафетасын Пакистан Ислам Республикасына өткөрүп берди.
Андан ары жыйында Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди, Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана Аймактык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев өздөрүнүн иштери тууралуу тиешелүү баяндамаларды сунушташты.
Мамлекет башчылары президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ШКУнун жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Жыйындын жыйынтыгы боюнча 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.