Abank_oct
SerepTV Logo

Депутат Камила Талиева тигүү тармагына берилип жаткан жеңилдиктерди колдоду

Депутат Камила Талиева тигүү тармагына берилип жаткан жеңилдиктерди колдоду
Кечээ, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев иш-чараны ачып жатып: «Биздин максатыбыз – жалпы коомчулуктун, ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин угуп, берген сунуштарын эске алуу менен бирге бюджеттин кирешелеринин өнүгүшүн камсыздап, ишкердиктин өнүгүшүндө ак ниет атаандаштыктан тайбоого, көмүскө экономикадан чыгууга шарт түзүү», – деп билдирди.

Талкууга коюлган бул мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленүүдө. Ал ушул 2026-жылдын 1-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынган. Анын негизги максаты салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасады. Мыйзам долбоорунда негизинде 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салык төлөөдөн жана отчет берүүдөн бошотуу жагы сунушталууда. Андан тышкары, гипс жана каптоочу табигый ташты казып алуу үчүн роялти ставкасы 3%га чейин төмөндөтүлөт. Болбосо, учурдагы гипс үчүн роялтинин ставкасы 6%, ал эми каптоочу табигый таш үчүн 12% түзөт. 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салыктарды эсепте турган жери боюнча эмес, салыкты катталган жери боюнча төлөгөн субъекттерди салык жоопкерчилигинен бошотуу шарттарына да көңүл бурулат.

Мамлекеттик баалуу кагаздардан алынган кирешелерди пайда салыгынан жана киреше салыгынан бошотуу негиздери каралып жаткандыгы да ушул эле парламенттик угуунун жүрүшүндө маалымдалды. Ошондой эле салыктык көзөмөлдү өркүндөтүүгө багытталган бир катар өзгөртүүлөр да сунушталып жатат. Мындан тышкары, жарандардын улуттук паспортун жана акциз маркаларын даярдоого арналган чийки заттарды жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотуу тартиптери такталууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Жаныбек Аматов сунушталган мыйзам долбоору аркылуу 113-беренеге өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын тактады. Бул жагдайга жооп кайтарган Салык органынын өкүлү Кубанычбек Ысабеков бул маалыматтын туура экендигин ырастады. Депутат Камила Талиева тигүү тармагына берилип жаткан жеңилдиктерди колдоого алып, аялдардын ишкердигин арттыруу багытындагы сунуштары менен да бөлүштү. Тагыраагы аталган багыттагы мыйзамдын демилгечиси катары анын аткарылышына да көңүл буруу керектигин белгилеп, тиешелүү Координациялык кеңештин ишин күчтөндүрүүгө чакырды. Мындан тышкары чыгармачылык союздарга да салыктык жеңилдиктерди берүү зарылчылыгына токтолду. Депутат Гүлшаркан Култаева базардагы салык чогултуу жаатындагы жагдайга токтолуп, базар администрациясынын жоопкерчилигине тиешелүү чараларды сөз кылды. Муну менен катар соодагерлерге кедергисин тийгизүүчү тобокелдиктер бар экенин жүйө келтирди.

«Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору аркылуу бир катар аткаруу өндүрүшүнө байланышкан айрым жоболор такталмакчы. Алып айтканда, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексине, укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
SEREP MEDIA