Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасап, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген. Мындан улам, “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, бул туурасында маек курду.
– Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимди колдобой коюшу мүмкүнбү? Сиз төрага катары көпчүлүк депутаттардын бул маселеге карата позициясын билсеңиз керек?
«Колдойт. Кечээ жакында биргелешкен комитеттин жыйынында депутаттардын дээрлик баары эле колдогон. Сессияда деле колдошот»,- деди төрага.