Эмгек министри Сагынбаев кызматтан бошотулуп, ордуна Имангазиев дайындалды
Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.