Abank_oct
SerepTV Logo

Эрлист Акунбеков: "Мен күнөөм жок болгон үчүн бекем позициямдан кайтпай, көгөрүп отурдум"

Эрлист Акунбеков: "Мен күнөөм жок болгон үчүн бекем позициямдан кайтпай, көгөрүп отурдум"
"Чындыгында, мени 2025-жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин СИЗО-1де төрт ай отурууга мажбур кылышты. Мага салык кызматынын мурдагы жетекчисинин иши боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү» беренеси менен айып коюлган". Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Мени менен чогуу өлкөбүздүн алдыңкы 30дан ашык ири ишкери да өттү. Бул ишкерлердин көбү белгилүү бир суммаларды төлөп, ошол замат эркиндикке чыгышкан. Ал кезде акча төлөсөң, кое берчү. Ал эми мен күнөөм жок болгон үчүн бекем позициямдан кайтпай, көгөрүп отурдум.

Менин нөлдөн түптөгөн бизнесимдин көбү айыл чарба тармагында болду: жер семирткичтерди, үрөндөрдү, айыл чарба техникаларын жана ветеринардык препараттарды ташып келчүмүн. Бул продукциялар НДСтен бошотулган, болгону 3% бирдиктүү салык төлөнөт. Ошондон улам 3 млрд сом салык — бул абсурд болчу. Алардын логикасы төмөндөгүдөй болду: «Байлыгың бар экен, ошон үчүн көбүрөөк төлөйсүң», — дешти.

2026-жылдын 24-февралында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчиси тарабынан мага карата кылмыш куугунтугун, менин аракеттеримде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарылган. Мен жоопкерчилик менен билдирем: мен эч качан мамлекеттик тендерлер менен алектенген эмесмин, мамлекеттен акча, мамлекеттик кредит же башка ушул сыяктуу каражаттарды алган эмесмин. Бүгүн мен Айыл чарба министрлигин жетектеп, 15 жылдык топтогон тажрыйбамды жана билимимди өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө, фермерлердин жана дыйкандардын эмгегин колдоого өз күчүмдү жумшай берем. Менин максатым — сөз менен кимдир бирөөнү каралоо эмес, ак эмгегим менен элге кызмат кылуу", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA