Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жогорку Кеңеште бюджет боюнча мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

19:09 14.11.2024
0
Жогорку Кеңеште бюджет боюнча мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жооп беришти. Депутаттар республикалык бюджетти кароодо бир катар сунуштарын беришти.

Талкуу маалында депутат Рустамбек Советбек уулу Ноокат районунда мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында үйлөрдү куруп берүүнү суранып, аталган аймактын калкы 300 миңден ашканын жүйө келтирди. Эл өкүлү Аккулу Бердиев азыркы учурда Чоң-Алай районунда 200гө жакын социалдык объекттер курулуп жатканын айтып, аймактарды өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин алгылыктуу ишин белгиледи.

Ал эми депутат Аида Исабек кызы 2025-жылы улуттук реабилитациялык борбор куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаса, эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев райондук борборлорду инфраструктуралык жактан өнүктүрүү маселесин ортого салды. Депутат Арсланбек Малиев да мектеп жана жол куруу маселелерине токтолуп, ошону менен бирге медициналык мекемелердин материалдык-техникалык жабдылышына көңүл бурууга чакырды. Депутат Эльдар Абакиров салык тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоп, муну менен катар мамлекеттин ишкерлер алдындагы кепилдиктерин эске салды. Андан тышкары, депутат Мирлан Самыйкожо Нарын облусундагы ирригация маселеси тууралуу сөз кылып, суткалык жөнгө салуу бассейндерин курууну табыштады. Ошондой эле эл өкүлү Кочкор районунда гемодиализ борборун ачууну жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.

Депутат Миргүль Темирбаева Исхак Раззаков атындагы Лейлек райондук оорукананын жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү улуттук реабилитациялык борборду куруу сунушун колдоп, республиканын бардык райондорунда да ушундай борборлорду курууну сунуштады. Депутат Гүлшаркан Култаева туризмди өнүктүрүү максатында тиешелүү инфраструктураны жакшыртууга чакырып, туризмге жумшалган каражат бюджетке эселеп кайтарыларын баса белгилесе, эл өкүлү Камила Талиева жаңы Суу кодексинин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аткаруу маселелерин тактады. Муну менен катар депутат ички каналдарды реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүүнү сунуштады.

Депутат Айсулуу Мамашова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык жана абилитациялык борборлорду куруу керектигин айтып: «Тилекке каршы, аутизм менен төрөлгөн балдар үчүн мындай борборлор жок», — деди. Ошондой эле Айсулуу Мамашова ушул күнгө чейин Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын селден жабыркаган тургундарына материалдык жардам көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады. Мындан тышкары, депутат Улугбек Ормонов саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерге көңүл бурса, депутат Улан Примов мектепке чейинки курактагы балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү маселесине токтолду. Депутат Дастанбек Жумабеков административдик-аймактык реформанын алкагында ар бир айыл өкмөтүнө 10 миллион сомдон берүү боюнча Министрлер кабинетинин убадаларынын аткарыларына кызыкты. Акылбек Жапаров бул каражатты 2025-жылы бөлүүгө аракет көрүлөрүн билдирди. Депутат Бактияр Калпаев укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүү керектигин белгилеп: «Күнүнө бир кызматкерге 50 арыз туура келет, бул айына 1500 арызды түзөт. Мындай оор жүктөмдү эске алып, штатты көбөйтүү зарыл», — деди.

Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин отчету жактырылды жана сунушталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:38 17.04.2026
0

Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:11 17.04.2026
0

Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү