Abank july
SerepTV Logo

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. "Манас" эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

SEREP MEDIA