Шаршемби, 29.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Кемпир-Абад боюнча бузукулук кылып жаткандар, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!». Садыр Жапаров үн катты

11:02 06.10.2022
0
«Кемпир-Абад боюнча бузукулук кылып жаткандар, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!». Садыр Жапаров үн катты

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

«Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү эки жолу айланып келет! Урматтуу кыргызстандыктар!

Бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турам. Кечээ күнү Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин адамча түшүндүрүп бердим. «Биз залга батпай калдык» деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, дээрлик бир күн, эртең мененки саат 10:00дон баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик.

Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат.

Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет. Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз. Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.

«Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок» деп жалган сүйлөп, боз үй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз. Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз. Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым. Тынч болгула!» — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү