Abank_oct
SerepTV Logo

Кочкор темир жол бекетинен Бишкек ЖЭБине көмүр биринчи жолу жеткирилди

Кочкор темир жол бекетинен Бишкек ЖЭБине көмүр биринчи жолу жеткирилди
 
10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасына таандык вагондорго көмүр биринчи жолу жүктөлүп, андан кийин Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирилди.

Көмүр Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында жайгашкан Кочкор темир жол бекетинин көмүр аянтчасында жүктөлдү. Көмүрдү ташуу үчүн жалпы жүк көтөрүмдүүлүгү болжол менен 1 000 тоннаны түзгөн 15 вагондон турган курам түзүлдү. Көмүр 11-октябрда Бишкек ЖЭБине анын керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында жеткирилди.

Кыргызстандын темир жол тармагы үчүн бул окуя жүк ташууларды өнүктүрүүгө жана темир жол инфраструктурасын мындан ары пайдаланууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый окуя болуп саналат. Мындан ары Бишкек шаарына жөнөтүлүүчү көмүрдү жүктөө иштери Кочкор темир жол бекетинде жүргүзүлөт. Көмүрдү темир жол аркылуу ташуу Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, автоунаа жолдоруна түшкөн жүктү азайтууга жана ташуулардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Темир жол транспортун колдонуу кыска убакыттын ичинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет. Бул автоунаа жолдорундагы жүк ташуучу унаалардын санын кыскартууга, жол төшөлмөсүнүн эскиришин азайтууга жана көмүрдү Бишкек шаарына натыйжалуу жана коопсуз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Эске салсак, ушул жылдын 25-июлунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Балыкчы - Кочкор темир жолунун курулушунун аякташы жана Кочкор темир жол бекетинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.
SEREP MEDIA