Abank july
SerepTV Logo

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандай документтерге кол коюлду? Тизме

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандай документтерге кол коюлду? Тизме
 
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн, 31-августта транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөр мө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда “Кытай – Борбордук Азия – Европа” багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- “Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сицзан автономиялуу районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум.
- “Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
- Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
- Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Бишкек мамлекеттик университети менен Пекин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;
- Трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.
SEREP MEDIA