Abank july
SerepTV Logo

Лаостун президенти Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Лаостун президенти Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды. Лаостун президенти Тхонглун Сисулит "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

SEREP MEDIA