Малик Бектурганов башкы прокурор болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Бектурганов Малик Маамыталиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды.
Бул дайындоого чейин президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, башкы прокурордун биринчи орун басары Бектурганов Малик Маамыталиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.