Маматалиев Кара-Кулжадагы бир катар социалдык-инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты
Кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барып, аймактагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Иш сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш сапардын алкагында төрага алгач Калпак участкасында болуп, андан соң эл аралык маанидеги Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 34,6-чакырымындагы Кызыл-Суу суусуна курулган көпүрөнүн абалын көрүп чыкты. Аталган көпүрө 17 айылды район борбору менен байланыштырган жалгыз жол болуп саналат. Бирок учурда жаан-чачын маалында суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөгө коркунуч жаратып келет. Ага ылайык, жаңы көпүрө куруу демилгеси 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, учурда долбоордук документтери даярдалууда. Төрага Марлен Маматалиев жергиликтүү калктын коопсуздугу жана транспорттук каттамдын үзгүлтүккө учурабашы үчүн бул маселени ыкчам чечүү талабын койду.
Андан соң төрага Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Ак-Талаа участогун сугат суу менен камсыздоо долбоору менен таанышты. Долбоор 153 гектар аянтка, анын ичинде 110 гектар кайрак айдоо жерлерине сугат суу жеткирүүнү көздөйт. Алсак, Сай айылында 534 кожолукта 2395 адам жашайт. Долбоор ишке ашса, кайрак жерлерди айыл чарбасында пайдаланууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү тургундардын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Орто-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарындагы 215 гектар аянтты сугат суу менен камсыздоо долбоору тууралуу да маалымат алды. Учурда эки айылда 921 кожолукта 4805 адам жашайт.
Төрага сугат суу маселеси айыл жергесиндеги калктын жашоо-турмушу жана дыйканчылыктын өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тезирээк кароо зарылдыгына көңүл бурду. Иш сапардын жүрүшүндө Марлен Маматалиев Ой-Тал айыл аймагынын Көндүк айылындагы Нурмамат уулу Сабыркул атындагы «Көндүк» орто мектебинин абалын да көрүп чыкты. 1984-жылы пайдаланууга берилген мектепте учурда 164 окуучу билим алып, техникалык кызматкерлер менен бирге 36 мугалим эмгектенет. Мектептин имараты 2014-жылы авариялык абалда жана колдонууга жараксыз деп табылган. Анын ордуна 150 орундуу типтүү мектеп куруу үчүн архитектуралык документтер 2023-жылы бүткөрүлүп, долбоордук-сметалык документтери да даярдалган. Бирок объект титулдук тизмеге киргизилбегендиктен, курулуш иштери да баштала элек. Төрага балдардын коопсуз жана заманбап шартта билим алышы артыкчылыктуу маселелердин бири экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушун баштоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып баруу зарылдыгын айтты.
Иш сапардын соңунда Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жалпы узундугу 50 чакырымды түзгөн жолду реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Учурда жер жумуштары жүргүзүлүп, долбоорго ылайык жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилүүдө. Ошондой эле Кой-Сары участогунан Көк-Жар участогуна чейинки 4 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Марлен Маматалиев жолдун курулушун сапаттуу жүргүзүп, белгиленген иштерди өз мөөнөтүндө аяктоо керектигин билдирди. Ошондой эле аймактардагы жол, сугат суу, билим берүү жана башка социалдык маселелерди чечүү калктын жашоо шартын жакшыртууга жана райондун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленип, айтылган маселелерди кыска убакытта аягына чыгаруу тапшырмалары берилди.