Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Мамлекет башчысы: «Политклиника» иликтегенге чейин жарым жыл мурда мен өзүм эле иликтеп койгом»

20:50 26.08.2023
0
Мамлекет башчысы: «Политклиника» иликтегенге чейин жарым жыл мурда мен өзүм эле иликтеп койгом»

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде «Аврора плюстагы» мүлктүн мамлекеттик менчиктен чыгарылып кетиши жөнүндө жарыяланган иликтөөлөргө байланыштуу суроого жооп берди.

— «Политклиника» медиасы «Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда УКМК «Аврора плюстагы» кымбат баалуу мүлктүн мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алынышы боюнча кылмыш иши козгогону айтылат. Буга байланыштуу бир топ адамдар, анын ичинде “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев бар экени белгиленген. Ушул компанияга, анын жетекчисине жана анын айланасындагы күмөндүү жагдайларга президенттин баласы Рустам Жапаров, жакын адамы Арзыбек Бурхановдун кандай байланышы бар экени тууралуу сөз болду. Бул иликтөө менен таанышкан болсоңуз кандай комментарий берет элеңиз?

— Бул сурооңорго дагы так жооп берем. «Политклиника» иликтегенге чейин жарым жыл мурда мен өзүм эле иликтеп койгом.

Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. «Керемет банктан» 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. «Керемет банк» өзүңөр билесиңер мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. «Аврора плюстагы» Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөзүп алдык. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коёюн үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде “СК-девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. «Бисмилла» деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Эч нерсе салына элек. Жер түздөө иштери гана жүрүп жаткан. Дароо токтотуп калдык. Эгер тим койсок бир-эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Орусияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз.

 Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат. Жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК-девелопмент” курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКФРдан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришипептир. Анткени тарыхы начар да. «Керемет банктан» насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат.

Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коеюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла. Айрым кыргыздын байларына окшоп чет өлкөлөргө миллиондогон долларларга завод фабрика курбастан Кыргызстанга кургула. Кимде инвестор бар болсо же өзү инвестиция салам десе барып ушул курулушка катышкыла. Айрыкча, колунда каражаты бар өзүбүздүн атуулдарыбызга кайрылып кетет элем. Жер тилкеси кенен. Каражаттарыңарды чыгарып, бул долбоорго ишенимдүү катыша аласыздар. Эшиги ачык. Ким катышам десе кабыл алат. Эгер кандайдыр бир тоскоолдук жаралса дароо мага түз кайрылсаңыздар болот демекчимин.

Мамлекет инвесторлордун салымы менен гана өнүгөт. Мында ички инвесторлор дагы биз үчүн маанилүү.

Биз 30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп атышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз. Менин максатым кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатам. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келишээрине ишенем. Мурдакылардын катасын кайталабайбыз.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү