Дүйшөмбү, 26.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам». Президент «Барселона» стадионунун курулушу боюнча үн катты

20:31 26.08.2023
0
«Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам». Президент «Барселона» стадионунун курулушу боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде «Барселона» футболдук клубунун академиясынын курулушу жөнүндө жарыяланган иликтөөлөргө байланыштуу суроого жооп берди.

— Клооп порталы «Барселона» стадионун курууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын, Орусиянын Росатом компаниясына тиешеси бар ири бизнесмендин аралашканын иликтеп чыкты. Макалада сиздин туугандар да аралашкан деген шек саноо да бар. Негизи эле ушул дүйнөлүк футбол клубунун Кыргызстанга келүүсүнүн башкы максаты эмне? 

— Жообумду эмнеден баштайм билесизби? Ошол Клооп баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштайм. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жатканына сүйүнбөйсүңөрбү. Өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте, алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошол үчүн мактачусуңар. Биз элдин акчасын силерге төлөй албайбыз. Элдин акчасы элге болуш керек!

Эми негизги жоопко өтсөм. Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз.

Ал 16 гектар жерди «Барселона» академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман. Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?

Ал эми Жапаров-Ташиевдердин катышы боюнча. Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын куруп башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта «Барселона» клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте барып, аны ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок.

Эгер Клооп баштаган башка сайттар жана башкалар биз да салабыз десе жер бергенге даярбыз. Колунан келсе бири «Манчестерди» алып келсин, дагы бири «Реал Мадридди» алып келип академиясын салсын. Ашыкча болбойт. Бизде салынган имараттарды көтөрүп кетишпейт. Эгер эле 20 кабаттуу бир имаратын көтөрүп кетип бара жатышса ызы-чуу салгыла. Мен токтотуп калайын. Дагы бир жолу кайталайм. Мамлекетке пайдадан башка зыяны жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. «Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле» деп.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү