Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Мындан ары «эшек жайлоо» деген болбойт». Садыр Жапаров «Чет элдик өкүл» мыйзамына кол койгонун айтты

11:10 02.04.2024
0
«Мындан ары «эшек жайлоо» деген болбойт». Садыр Жапаров «Чет элдик өкүл» мыйзамына кол койгонун айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койгонун айтты.

«Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан. Эмне үчүн? Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен.

Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.

30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Бизде баардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот. Колуңардан келсе, миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын баарын ачык көрүп турушат. Алданышпайт.

Болбосо буга чейин “Баланча тегерек стол уюштурдум, түкүнчө тренинг уюштурдум, баланча долбоорго баланча акча жумшадым” деп, жеке кызыкчылыгыңарга жумшаган акчаңарды дагы ишке кошуп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер. Калп десеңер четиңерден таап берем. Эмне үчүн ошол эле өнүккөн батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешет дагы, бизге келгенде эле болбойт? Же эмне биз экинчи сорттогу мамлекетпизби? Жок, андай эмес. Мындан ары андай алешемдиктерге жол бербейбиз», — деп жазды өлкө башчы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү