Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Тор-Камыш айылындагы унаа жолду асфальттоо жумуштары менен таанышты. Нурланбек Шакиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.
Бир жарым чакырымдан ашык узундуктагы аталган жол буга чейин талапка жооп бербей, туурасы 3-3,5 метрди гана түзүп, унаалардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратып келген. Натыйжада Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбор тарабынан атайын долбоор иштелип чыгып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо жумуштары башталган. Ага мамлекет тарабынан 12,5 миллион сом каралган.
Нурланбек Шакиев шаарларда гана эмес, айылдарда да жолдорду жаңылоо ишинин жүргүзүлүп жатышы жакшы саамалык экенин белгилеп, бирок сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Андан соң төрага Кара-Суу айыл аймагына караштуу Чат айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылышына катышты. ФАПтын курулушуна керектүү каражат Кувейт мамлекетинин Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан бөлүнгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...