SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат
 
Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Корея Республикасына расмий сапар менен барат.
 
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жыйынтыгы боюнча Сеул декларациясын кабыл алуу мерчемделген “Борбордук Азия — Корея” биринчи саммитине катышат. Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.
SEREP MEDIA