Abank_oct
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту
 
Авазада бүгүн, 8-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, алардын бир туугандык жана стратегиялык мүнөзүн белгилешти. Соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки жактуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
SEREP MEDIA