Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди

12:31 13.03.2021
0
Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

«Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапар албетте, жемиштүү болду. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуулары кыргыз-өзбек мамилелерин калыбына келтирип, кызматташуунун жаңы сапаттык деңгээлин түптөдү деп айтууга болот. Өзбек ММКлары бул сапарга, эки президенттин өз ара аракеттешүүсүнө жогору баа беришти.

Мамлекеттик сапардын алкагында бизнес-форум өткөрүлүп, анын катышуучулары экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана жалпы суммасы 127,6 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол коюшту.

Өнөр жай кызматташтыгы жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы») түзүлүп, жалпы суммасы 550,4 миллион АКШ долларын түзгөн 60 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Жакынкы мезгилде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзүп, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт.

Фонддун алкагында кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана металлургиялык өнөр жай, транспорт, турак жай куруу, соода, бизнести өнүктүрүү, энергетикалык комплекс, туризм.

Сүйлөшүүлөрдүн ар бир мүнөтүндө аткаруучуларга конкреттүү көрсөтмөлөр берилип, көптөгөн маселелер жолугушуулар учурунда ишке киргизилди.

Жалпысынан 22 документке жана президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду, алар дээрлик бардык тармактарды камтыйт — билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү, эки мамлекеттин тең керектөөчүлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Бул кандайдыр бир протоколго гана кол коюу эмес, мурдатан баштатылган конкреттүү пландар.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр. Ошондой эле, жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат.

Саламаттыкты сактоо  багытында Кыргызстанга 20 тез жардам унаасы тапшырылды, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө  вакциналарды, дары-дармектерди жана башка медициналык жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү жана жеткирүү жаатында өз ара аракеттенүү жана кызматташууну кеңейтүү маселеси иштелип жатат .

Билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Шавкат Мирзиёев биздин жарандарга Өзбекстандагы ЖОЖдордо билим алуу үчүн 100 гранттык орун бөлүнгөнүн маалымдады.

Төмөнкүлөр боюнча алдын-ала макулдашууга жетишилди.

— академиялык мобилдүүлүк алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өткөрүү үчүн профессордук-окутуучулар жамаатын тартуу;

— эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;

— билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.

— эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санынын өсүшү;

— билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин багытында Кыргыз Республикасында “Камбар-Ата ГЭС-1” инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга жана электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

20 жылдан бери жылдырылбай келе жаткан «Кытай-Өзбекстан-Кыргыз темир жол» магистралын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Эки өлкөнүн президенттери мындан ары дагы маданият, спорт, туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтип, көркөм өнөр жана театр жамааттарынын ортосундагы достук алаканы чыңдай берүүгө макулдашышты.

Өз ара маданият күндөрүн өткөрүүнү калыбына келтирүү боюнча келишимге жетишилди. Дагы бир жолу эске салчу жагдай, Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды»,- деп маалымдады Галина Байтерек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү