Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн кагазды жерден сыйрып алып чөнтөгүнө салган видеосу тарады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Москвада Белгисиз жоокердин көрүстөнүнө гүл коюу аземинде болгон. Протоколго ылайык, президенттер кайсы жерге тура турганын билиши үчүн алардын мамлекетинин желеги жерге чапталат. Соцтармак колдонуучулары президенттин мындай аракетин алкап жатышат.