Жума, 12.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Камчыбек Ташиев ар бир чарчы метр жер боюнча ийне-жибине чейин маалымат берет»

09:04 14.03.2025
0
Садыр Жапаров: «Камчыбек Ташиев ар бир чарчы метр жер боюнча ийне-жибине чейин маалымат берет»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, кыргыз-тажик ортосундагы 1924-жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилип, түбөлүккө чекит коюлганын билдирди.

«Эки тарапка эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн жакшы иш болду. Себеби, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары бири-бири менен чек ара маселесин чечип бүттү деген сөз. Мындан ары Борбор Азияда түбөлүк тынчтык орноду. Эми Борбор Азия мамлекеттеринин арасында бири-бирине визасыз, ал эми башка мамлекеттерден келген коноктор үчүн бир эле мамлекетке келген виза менен (Шенген визасы сыяктуу) Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында жүрө берүү процессин башташыбыз керек.

Бүгүнкү кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Кыдыршаевич ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби, келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир чарчы метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет.

Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхий маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек.

Бизде тескерисинче болуп калган. 30 жылдан бери ким катуу кыйкырса, же эл көрсүн деп иш жасаса, ошол популярдуу болуп келген. Андай жасалма сөздөр, жасалма иштер убактылуу гана популярдуулукка жеткирип, кийин уят болуп калган далай саясатчылар болду. Эл дагы андайларды жакшы түшүнүп калды. Мейли депутатсыңбы, көчөдөгү саясатчысыңбы мамлекет үчүн, эл үчүн кандай гана орчундуу маселе каралбасын элге көрүнө калайын деп чыга калып кыйкырбаш керек. Тең салмактап сүйлөшүбүз зарыл.

Мамлекет “эмне болсо ошол болсун, мен сүйлөп коюп элге көрүнүп калайын, упай топтойун, эмдиги жылы шайлоодо добуш алайын” деген түшүнүктөн ар бир саясатчы же активист дейбизби алыс болуш керек. Саясатчынын сүйлөп койгон сөзү жакшы кетип жаткан иштерге залакасы тийип токтоп каларын 30 жылдан бери көрүп келдик го. Канчалаган пайдалуу иштер токтоп калган же артка кеткенин көрдүк.

Биз да депутат, саясатчы жана министр болгонбуз. Эч качан эл көрсүн деп курулай кыйкырык жасачу эмеспиз. Кандай гана маселе болбосун ийне-жибине чейин дыкат изилдеп, талдап, “менин сөзүмдөн мамлекетке же элге зыян тийип калбайбы” деп “жети өлчөп, бир кесип”, анан маселени алып чыкчубуз. Бүгүнкү чек ара маселесин дагы 4 жылдан бери жети эмес, жетимиш өлчөп, анан бир кестик.

Албетте, биздин жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап чыгып кетиши кыйын болуп жатат. “Киндик каныбыз тамган жер, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер” деп арман кылышууда. Тажикстандын биз тарапка өткөн айылдарынын жашоочулары деле дал ушул сөздү айтышууда. Эки тарапка тең кыйын. Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы өтпөйт. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат.

Биздин ата-бабаларыбыздын сөөгү кайда гана калган эмес. Бул жагы Алтай, Энесай, Кызыл-Жарда, тигил жагы Кулжа, Үрүмчү, Бээжинге чейин жатат. Достук айылынан тышкары, чек ара тилкесинде шахматтын тактасындай жайгашып калган бирин-серин үйлөр да алмашылды. Себеби чек аранын зым тору тартылганда түз тартылышы керек. Антпесе келечекте эки тараптын тең чек арачыларына чек араны көзөмөлдөө кыйынга турат.

30 жылдан бери эки тараптан дал ушул чек ара жаңжалынан миңдеген жарандар окко учту. Мамлекет үйлөрү алмашылган жарандарыбыздын баарын көңүл сыртында калтырбайбыз. Азыркы үй-жайларынан алда канча жакшы шарттары менен, жаңы, заманбап үйлөрдү салып беребиз. Толук маалыматты 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевичтен угасыздар», — деп жазды өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:19 11.12.2025
0

Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Аталган жаңы норма 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кирет. Регламент...

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:37 09.12.2025
0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага...

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:00 04.12.2025
1

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:12 03.12.2025
1

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:18 03.12.2025
0

Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

10:19 11.12.2025
Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

16:06 11.12.2025
Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

11:36 11.12.2025
Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

1
Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узарышы мүмкүнбү?

Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узарышы мүмкүнбү?

10:07 12.12.2025
Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Рыспай Исаков: "Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм"

09:47 12.12.2025
Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

09:43 12.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү