Интернет булактарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке жеке учак менен келип кеткени тууралуу маалымат тарап, талкуу жаратууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалыматты расмий төгүндөгөнү менен коомчулукта түрлүү пикирлердин айтылуусу токтой элек.
Мындан улам «Кабар» агенттиги өлкө башчысына кайрылып, айрым жагдайлар боюнча комментарий алды.
— Саламатсызбы, эки күндөн бери коомчулуктун бир бөлүгүнүн көңүлүн бурган маалымат боюнча сизден комментарий алсак. Максим Бакиев Кыргызстанга келди деп жарыялап жатышат. Бул маалыматка ишенип алгандар да бар. Негизи эле Максим Бакиев Кыргызстанга келиши мүмкүнбү? Чындап эле келсе бийликтин реакциясы кандай болмок?
«Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да», — деди Жапаров.