Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колдоого алууда»

10:39 02.11.2024
0
Садыр Жапаров: «Мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колдоого алууда»
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Улутубуздун жүзүнө айланган урматтуу маданият ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Элибизди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тилибиз менен маданиятыбыз. «Он сегиз миң аалам» жаралгандан берки карт тарыхыбыз, даңазалуу ата-бабаларыбыз тууралуу таш бетине чегилген кыргыз жазуулары ошол убакта эле кеменгер элибиздин жазуу-сызуудан, маданияттан кабардар болгондугун тастыктап турат. Ондогон кылымдардан берки бай маданияты менен искусствосу бар даанышман элибиз адамзаттын алтын казынасына акыл-эсти, жан дүйнө баалуулуктарын, чексиз ойду, ченемсиз күчтү камтыган улуу «Манас» дастанын кошту. Бизди ошол дем, ошол улуу күч эгемен эл, маданияты бай калк кылып сактап, бүгүнкү күнгө жеткирди. Эми мындан аркы жаштарга, кийинки муунга ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастарыбыздын көркүнө көрк кошуп, таберик кылып калтыруу – маданият ишмерлеринин ыйык милдети!

Бүгүнкү дүйнө жүзү өтө тездик менен өзгөрүп, ааламдашуу доорунда улуттук көөнө маданиятыбызды сактап калуу – биздин көңүл чордонубузда турган биринчи маселе. Мамлекет ал үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, руханий дөөлөттөрүн сактоого, даңктап-даңазалап, жайылтууга бар күч-аракетин жумшап келет. Бул багытта бир топ иштер аткарылып, дагы бир тобу аткаруу алдында турат. Көп жылдардан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн мамлекеттик циркибиз толук жаңыланып, кайрадан ишке кирди. Убагында Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө кыргыз “жигитовкасын” чыгарган жана улуттун сыймыгы болгон Үсөн Кудайбергенов өңдүү өнөр адамдарынын иши мындан ары көчтөнөт деген ишеничтемин. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата республика боюнча көптөгөн социалдык-экономикалык имараттардын ачылыштары болуп жатса, алардын өзөктүүсү жана элибизге руханий азык тартуулап, жан дүйнө эс алдыра турган маданий жай катары улуттук «Манас» театрынын жаңы имараты ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошентип, мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колдоого алууда. Жалпыңыздар жакшы билгендей, райондук маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып бердик. Театр оюн-зоок мекемелеринин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттарды түзүп берип жатабыз. Максатыбыз – кыргыз маданиятынын алтын доорун кайра бир кайталап, кыргыз кереметин даңазалоо. Маданиятыбыздын бардык тармагынан жаңы ысымдар, жаңы жүздөр чыкса дейбиз. Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунованын жана башка маданият сересине жеткен өнөр адамдарынын изин баса турган муунду тарбиялоо — бүгүнкү күндүн милдети болуп турат.

Мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоо, улуттук маданиятыбызда секирик жасоонун кандай ыкмасы болбосун, колдоп берүүгө даяр. Кыска аралыкта экономикалык чоң секирик жасаган эгемен Кыргызстан маданият жаатында жаңы бийиктиктерди багындырышы керек. Урматтуу эл таалайына бүткөн таланттар, мен сиздерге чыгармачыл эргүү каалайм. Улуу өнөрдү алып жүрүүчү жаратмандардын катары калыңдай берсин! Майрамыңыздар кут болсун!”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:38 17.04.2026
0

Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:11 17.04.2026
0

Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: "Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу"

11:10 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү