Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Орто-Токой суу сактагычында болду. Ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ирригациялык тармактардын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Министр мурда сугат мезгилинде жыл сайын бөлүнчү каражаттардын аздыгынан улам каналдардын абалы жыл өткөн сайын начарлап келгенин эске салып, эми бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болгонун билдирди. Республикалык бюджеттен ирригациялык фондду кармоого бөлүнгөн каражаттын сезилерлик көбөйтүлүшү бул маселени чечүүгө мүмкүндүк берет. Президент ирригация үчүн мындай ири сумма (1 миллиард 100 миллион сом) биринчи жолу бөлүнүп жатканын, эми мамлекеттик органдарда эч кандай шылтоо болбой жана дыйкандар сугат суусун толук көлөмдө, өз убагында алышы керектигин белгиледи.
Садыр Жапаров Орто-Токой суу сактагычын кароонун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга дыйкандар үчүн сууну өз убагында жеткирүү жана жоготууларды кыскартуу тапшырмасын койду.