Abank july
SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Келечегибиз — өнүккөн, күчтүү жаңы Кыргызстанды куруу!"

Садыр Жапаров: "Келечегибиз — өнүккөн, күчтүү жаңы Кыргызстанды куруу!"
 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
 
Мамлекет башчысынын сөзү:

“Ардактуу мекендештер! Улуу мартабалуу мамлекет башчылары жана кадырлуу меймандар! VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматтуу катышуучулары! Биз Ала-Тоо койнунда Кыргызстандын кечээгиси, бүгүнкүсү жана келечеги бир мезгилде, бир мейкиндикте туташкан өзгөчө тарыхый күнгө күбө болуп олтурабыз.

Бүгүн, 31-август – Кыргыз Республикасынын Көз каранды эместигинин 35 жылдыгы. Дал ушул күнү ата-бабаларыбыз түптөгөн улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылып жатат. Бул күнгө Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык тарыхый мааракесине арналган Саммит да туш келип олтурат. Мааракелик саммитке келген 15тен ашуун чет өлкө президенттери жана БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш баштаган абройлуу эл аралык уюмдардын жетекчилеринин келиши бүгүнкү окуялардын макамын да, маани-маңызын да арттырууда. Ушундан улам, жеке өзүмдүн жана жалпы кыргыз журтчулугунун атынан кесиптештериме жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Мына ушул зор окуялар өлкөбүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, спорт тармагынын жана жаштардын келечегин символдоштурган заманбап “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жатат. Мындай улуттук биримдикти, чөлкөмдүк коопсуздукту, эл аралык саясий-маданий өнөктөштүктү жана өнүгүүнү айкалыштырган тарыхый окуялар коштолгон чоң майрам менен баарыңыздарды, жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу кыргызстандыктар! Жогоруда тизмектелген иш-чаралардын ар бири өз-өзүнчө тарыхый окуялар болгону менен, албетте, алардын эң башкысы Кыргыз Республикасынын Көз каранды эместигинин 35 жылдыгы өзгөчө мааниге ээ! Эгемендиктин чыныгы мааниси өзөгүңдү жакшы билүүдө, салт-санааңды аздектеп сактоодо, эне тилиңди барктап-баалоодо, өз тагдырыңды өзүң аныктоодо жана өз келечегиңди өзүң куруу мүмкүнчүлүгүн жоопкерчилик менен колдоно билүүдө жатат. Биздин таянычыбыз — Эгемендикте болсо, түпкү тамырыбыз — көчмөн цивилизациясында! Ал эми алган багытыбыз эл аралык достук жана өнөктөштүк болсо, келечегибиз — өнүккөн, күчтүү жаңы Кыргызстанды курууда! Биз Көчмөндөр оюндарын негиздеген өлкө катары дүйнө жүзүнө тарых-таржымалыбызды таанытып гана тим болбостон, келечекке умтулган заманбап өлкө экенибизди да даңазалап жатабыз. 51 миңден ашуун орундуу, мына ушул заманбап “Бишкек Арена” стадионунун ачылышы буга айкын мисал!

Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары! Мындан туура 5 жыл мурун ант берүү аземинде “Жаңы Кыргызстан — өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!” деп баса белгилеп айттым эле. Биз берген убадаларыбыздын көбүн аткарып, ошол жаңы Кыргызстанды куруп, тикелеп келатабыз. Азыркы күндө өлкөбүз үчүн жетүүгө мүмкүн эместей көрүнгөн масштабдагы бир топ долбоорлор ишке ашууда. Кыргызстандын геосаясий ролу жөнүндө түшүнүктү өзгөртө турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору башталды. Тарыхый масштабдагы дагы бир долбоор – кубаттуулугу 1 860 мегаватт болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жигердүү уланууда. Жыл бою толук иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушу Кыргызстанды жыл бою саякаттоого ылайыктуу туристтик багыт катары эл аралык жагымдуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет. Өлкөнүн финансылык жана инвестициялык системасын өнүктүрүү максатында ушул жылдын 3-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын ишке киргиздик. Бул аймак өзгөчө укуктук режимге ээ болуп, англис укугунун негизинде иш жүргүзөт. Биз Тамчыны бир гана инвестициялык аймак катары эмес, эл аралык капиталдарды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген жаңы финансылык борборго айландырып жатабыз. Кыскартып айтканда, өлкөбүздөгү өсүп-өнүгүүлөргө ички дүң продукциянын өсүү темпи далил. Кудай ушуну кут кылсын! 

Ошону менен катар быйыл Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланганын өзгөчө сыймыктануу менен белгилеп кетейин. 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болушубуз өлкөбүз саясий туруктуулукта жана мамлекеттик саясатыбыз туура багытта экенин айгинелеп турат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Биз турган “Бишкек-Аренада” Көчмөндөр оюндарына старт берилиши менен спорттук атаандаштык менен элдердин достугу да чыңдалат. Дал ушул идея Шанхай кызматташтык уюмунун философиясы менен да үндөшүп тургандыгы абдан кубанычтуу. Кыргызстанда мамлекет башчыларынын жолугушуусу менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир мезгилде өтүп жатышы да терең символдук мааниге ээ. Биринде мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүү аркылуу тынчтыктын жана кызматташтыктын жолдорун издесе, экинчисинде дүйнө элдери спорт жана маданият аркылуу бири-бирине жакындашууда. Эң башкысы бул эки чоң окуянын өзөгүндө тең адамзаттын эң бийик баалуулугу — тынчтык жана достук турат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматтуу катышуучулары! Көчмөндөр оюндары – Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн: байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданият. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда.

Кыргызстан кайра жараткан Көчмөндөр оюндары, өлкө чегинен чыгып, 2 жыл сайын кайра өз Мекенине кайтып келип турат. Мындан туура 12 жыл мурда, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде биринчи ирет оту жагылган Көчмөндөр оюндары дал ушул улуттук кайра жаралуунун, маданий дипломатиянын жана эл аралык ынтымактын айкын символуна айланган. Бул ирет спорт, маданият жана илим бирдиктүү концепцияга бириктирилди. Касиеттүү көл кылаасында салттуу музыка менен манасчылыктан тартып этно модага, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарга жана заманбап чыгармачыл долбоорлорго чейинки жүздөгөн маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Илимий бөлүгүндө ондогон өлкөлөрдөн чакырылган окумуштуулар чогулуп, көчмөндөр коомчулугунун тарых-таржымалы эле эмес, көчмөн цивилизациясынын генезисин, философиясын, мурасын жана адамзат тарыхындагы ордун талкуулашат. Биз көчмөндөр мурасын жандуу интеллектуалдык жана маданий ресурс катары көрсөтүүгө аракеттенебиз.

Учурдан пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы 7-Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келгенин жарыялай кетейин. Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси урматтуу Владимир Владимирович Путинге ыраазычылык билдирем. Биз бул эл аралык маанидеги иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

Урматтуу мекендештер, бүгүнкү зор салтанаттын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандар! VI Көчмөндөр оюндары старт алган “Бишкек Арена” — жаш муундардын жеңиштеринин жана Кыргызстандын жаңы ийгиликтеринин очогуна айлансын! Ал эми Эгемендигибиздин 35 жылдыгы — мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берсин! Кыргыз Республикасы келкели келип турган, эркиндиги түбөлүк өлкө болсун! Эмесе, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачык деп жарыялансын!”.
SEREP MEDIA