Шаршемби, 29.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Текебаев: «Сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал Жапаровго чыгарылган өкүм болот»

16:14 07.12.2020
0
Текебаев: «Сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал Жапаровго чыгарылган өкүм болот»

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына чоң маек жарыялады. Анда «Садыр Жапаров “Текебаев “Мегаком” боюнча Маевскийден 1 миллион доллар алганы анык, аны элитанын баары билет, менде күбөлөр бар, керек болсо өзүм далилдейм” деп айтты. Жапаровдун бул кескин пикири сиздин сот ишиңизге таасирин тийгизбейби?» деген суроо берилген.

«Мен орусча 4 сөз менен Садыр Жапаровдун сөзүнө мүнөздөмө берет элем: ложь, клевета, безответственно и недопустимо. Бул ушакка негизделген жалган жалаа. Мындай айтуу жоопкерсиздик.  Жапаров бүгүн жөнөкөй киши эмес. Анын сөзүн кунт коюп угуп, көпчүлүгү ага ишенип турат. Эл соттун чечимине ишенбеши мүмкүн. Бирок бүгүн Садырдын сөзүнө ишенгендер көп. Мен бул жерде “бүгүн” деген сөздү баса белгилегим келет. Эгер, ушундай жалгандарды айта берсе, эртең ишенгендердин саны азаят. Недопустимо дегеним, Садыр Жапаров “шайлоого катышам” деп ыйгарым укугун токтоткону менен, ал бүгүн премьер-министр. Анын досу парламентти башкарып, мамлекеттин жетекчиси. Дагы башка достору УКМКнын, Генпрокуратуранын, ИИМдин жетекчилери. Бул компаниянын таасири өлкөдө эң жогору. Садыр Жапаров айтпадыбы, “бүгүн деле соттор президентти карап турат экен” деп. Мына ушундай шартта соттордун баары Садыр Жапаровдун айтканын приказ катары кабыл алышы мүмкүн. Өзүнүн статусун, таасирин билип туруп, ушинтип айтканы туура эмес.

Садыр Жапаров премьер-министр. Ал Конституцияны кармап, “Конституцияны жана адамдардын эркиндигин коргойм” деп ант берди. Тилекке каршы, президенттикке талапкерлигин койгондорду өзүнүн жеке душмандарындай кабыл алып жатат. Ал колдоп жаткан Конституцияны долбооруна макул болбой, башкача баа берген адамдарды “жүзү каралар”, “эл бузарлар” деп жатат. Бул коомдо агрессияны пайда кылып, коомду бөлүп-жарат. Коомду элдешкис кылып эки топко бөлүп, ынтымакты кетирет. Бул безответственно и недопустимо. Башка бирөө ушундай ушактардын топтомун айтса, мен көңүл бурбай, жооп бербей деле коймокмун. Бирок, мен жогоруда айткан пикиримден улам, Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу мага жалаа жаап, тийишкенден улам мен ага жооп берүүм зарыл деп чечтим. Мен бул жоопту Садыр Жапаровду жамандаш үчүн, анын авторитетин түшүрүш үчүн айтып жаткан жокмун. Мен биринчи кезекте эл муну чындыкты коргоо, өзүмдү коргоо катары кабыл алышын каалаар элем», — деген Текебаев.

Андан ары депутатка “Садыр Жапаровдун таасири күчтүү, аны соттор угат” деп айттыңыз. Ага жооп бербей эле койсоңуз болбойт беле. Жооп берем деп кайра камалып кеткенден коркпойсузбу?» деген собол узатылган.

«Коркпойм. Качпайм. Ырайым сурабайм. Эгер, сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал бизге эмес Садыр Жапаровго чыгарылган өкүм болот» деп жооп узаткан Текебаев.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү