Abank july
SerepTV Logo

Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди

Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

SEREP MEDIA