Бүгүн, 21-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Гэри Питерс менен жолукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш АКШнын Конгресси менен ар тараптуу алаканы арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Сиздин бул иш сапарыңыз мындан аркы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени, мамлекеттер аралык алаканы өнүктүрүүдө, парламенттердин салымы өтө чоң”, – деди.
Соода-экономикалык мамилелерди да алдыга жылдыруу артыкчылыктуу багыт экенин айткан Нурланбек Шакиев билим берүү да жаатында кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду. “Биздин жарандар, айрыкча жаштар АКШнын алдыңкы окуу жайларынан билим алууга ынтызар. Андыктан, тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, виза алуу шарттарын жеңилдетүү маселесине көңүл бурууга чакырам”, – деди ал.
Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Гэри Питерс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мамлекеттер аралык байланышты, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн Борбор Азия мамлекеттерине жасаган бул иш сапары Кыргызстандан башталганын баса белгиледи. “АКШ Кыргызстан менен байланышты өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар. Ага ылайык, бул жолугушуубузда көтөрүлгөн бардык сунуш-пикир биз үчүн өтө маанилүү”, – деди сенатор.
"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...