Дүйшөмбү, 20.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Шакиев Малайзиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

22:10 03.07.2023
0
Төрага Нурланбек Шакиев Малайзиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Анда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.

Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Сиздин Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапарыңыз мамлекеттер аралык байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Анткени, өз ара кызматташтыкты арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын”, – деди. Анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү башкы максат экенин айткан Нурланбек Шакиев жакынкы аралыкта биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

“Кыргызстанда таза органикалык жер-жемиштер өстүрүлөт. Муну менен катар адал индустрия тармагында да белгиленген эрежелер бекем сакталып, таза эт азыктары өндүрүлүп келет. Андыктан аларды Мазайзияга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн да караштыруубуз кажет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ошондой эле баарлашуу маалында туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөргөн Нурланбек Шакиев: “Төрт мезгилди бирдей камтыган Кыргызстандын кооз табияты туристтер үчүн өтө кызыктуу. Андыктан Малайзия мамлекетинин жарандарын да Ала-Тообузга мейман болуп кетүүгө чакырабыз. Бул үчүн тез арада түз аба каттамдарын ачуубуз керек”, – деди.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир кооз табияты, меймандос эли жана уникалдуу маданияты менен айырмаланган Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Акыркы жолу Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга 2014-жылы келген. Андыктан кайрадан уюштурулуп жаткан иш сапар байланыштардын жаңы барагын ачат деген үмүттөмүн”, – деген Замбри Абдул Кадир көтөрүлгөн ар бир демилге маанилүү экенин айтып, Малайзия мамлекети да соода жүгүртүү, туризм өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады. Муну менен катар тышкы иштер министри катары эки мамлекеттин байланышын өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшай турганын белгиледи.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:38 17.04.2026
0

Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:11 17.04.2026
0

Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:03 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү