Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматын өз каалоосу менен тапшырды

11:19 12.02.2026
0
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматын өз каалоосу менен тапшырды
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызмат ордун тапшыруу чечимин кабыл алганын маалымдады.

Алгач төрага Түркия Республикасындагы расмий сапары тууралуу учкай кеп кылып, анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушканын жана маанилүү маселелер боюнча пикир алмашканын белгиледи.

“Ошол расмий сапарда жүргөн мезгилде өлкөбүздө саясий оош-кыйыштар болуп кетти. Буга бардыгыбыз күбөбүз. Менин дарегиме да бир топ сөздөр айтылды. Бирок бир нерсени айтып койгум келет. Биринчиден мен бир же эки адамга кызмат кылбайм. Мен кыргыз элине, кыргыз парламентине кызмат кылып келе жатам. Мындан кийин да кыргыз элине, кыргыз мамлекетине, кыргыз парламентине кызмат кылам. Ошондуктан мени эки адамга же бир адамга байлаган туура эмес”, – деди төрага.

Муну менен катар 2022-жылы 5-октябрда VII чакырылыштын төрагасы болуп шайланганын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Ошол күндөн ушул күнгө чейин бардык аракетимди Кыргыз Республикасынын парламентинин кадыр-баркын арттырууга, ушул жерде кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечегине керектүү мыйзам долбоорлорун жана маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга өзүмдүн салымымды коштум деп айта алам”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле саясий туруктуулуктун аркасында өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болуп жатканын белгилеген төрага: “Азыр биз дүйнөдө тездик менен өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарындабыз. Экономикабыз жогорулап барат. Мында урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган команданын жана кыргыз парламентинин салымы абдан чоң. Анткени бардык зарыл мыйзамдар ушул жерде кабыл алынып, ушул жерде жактырылып жатат. Ошонун негизинде өнүгүүлөргө өбөлгө түзүлдү”, – деди.

Бирок ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратпай, жаңы саясий маданиятты калыптандыруу зарыл экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Мен бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгынан өз эрким менен кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым-кысым көрсөткөн жок. Ага жол да бербеймин”, – деди.

Андан тышкары өлкөдө стабилдүүлүк болушу керектигин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Президент Садыр Жапаров баштаган саясий реформалар толук аягына чыгарылып, саясий туруктуулук болушу зарыл. Мен ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик менен ушундай кадамга барып олтурам”, – деди.

Ошону менен катар өзүн төрага кылып шайлаган кесиптештерине, Аппараттын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип: “Мен азырынча эч жакка кетпейм. Араңыздарда катардагы депутат болуп, өлкөбүздүн келечегине кызмат кылууга даярмын”, – деп жыйынтыктады.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү