Төрагага караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Алгач Нурланбек Шакиев аталган кеңештин түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө токтолуп, Нурбек Сыдыгалиев менен Темир Сариев төраганын орун басарлары болуп дайындалганын айтты. Ал эми Акылбек Жапаров аталган кеңештин тең төрагасы бойдон калды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
“2021-жылдын статистикасына ылайык, өлкөбүздөгү чакан жана орто бизнес субъекттеринин, жеке ишкерлердин жана дыйкан чарбалардын саны 900 миңден ашты деп көрсөтүлгөн. Ал эми аларда бир миллиондон ашуун жарандарыбыз эмгектенет. Бул демек, биздин ар бир жетинчи жараныбыз бизнес жана ишкердик чөйрөсүндө иштейт. Андыктан, бул тармактын өнүгүшү өлкөбүз үчүн өтө маанилүү”, – деди Нурланбек Шакиев.
Төрага ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан салык саясатына, банк секторуна жана ыксыз текшерүүлөргө тиешелүү көптөгөн кайрылуулар келип жатканын маалымдап: “Ишкерлердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайларга жол берилбеши шарт. Анын ичинен ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, калк турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоо керек”, – деди.
Андан соң жыйын тармактык көйгөйлөргө байланышкан баяндамалар менен уланып, кеңири талкуу болду.
“Салык консультанттары палатасы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Татьяна Ким Электрондук товардык-транспорттук кагаздарды колдонуудагы көйгөйлөрдү көтөрсө, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев менен Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин президенти Сталбек Акматов салык саясатындагы маселелерге токтолду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...