Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.
Ата мекендик балбан 125 килограммга чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешин кытайлык балбанды 10:6 эсебинде утуп, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсебинде жеңип финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттешин ирандык Амин Заре менен өткөрүп 0:11 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Ошону менен Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп күмүш байгенин ээси болду.
Кечээ, 15-апрелде Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Жыйында ал кызматта турган...
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгын расмий түрдө маалымдады. Жалпы...
Бүгүн, 15-апрелде борбор калаадагы «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы Кезектеги Конгресси орун алды. Конгресстин күн тартибине ылайык негизги маселелер...
12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү. Бул тууралуу...