Айпери Медет кызы эки жолку Азия чемпиону болду

Айпери Медет кызы эки жолку Азия чемпиону болду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандык балбан кыз 76 килограмм чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде жеңип Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Айпери Медет кызы 2022-жылы дагы Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медалга татыган. Мындан сырткары, ал үч жолу Азия чемпионатынын күмүш медалын жеңген.