Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Кыргызстандык кыз эркин күрөш боюнча 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Алгач балбан Таиланддын өкүлүн 14 секундда жеңсе, чейрек финалда Дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен кез келди. Бул беттеште Озаки жеңишке жетти.
Озаки жарым финалда казакстандык спортчуну жеңип, финалга чыгып, Тыныбекова коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Биринчи айлампада кыргызстандык спортчу вьетнамдык спортчуну 10:0 эсебинде жеңип, финалдык 3-орун үчүн күрөштө казакстандык Ирина Кузнецованы жеңип алды.