Бүгүн, 9-октябрда Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке келишти. Аларды аэропортто маданият министри Алтынбек Максүтов, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Акжол Махмудов жеңиштен кийин эмоция деле болбогонун айтты. «Мен Олимпиада чемпиону болгум келип турат. Олимпиаданы утсам чын жүрөктөн сүйүнүп, чоң эмоция пайда болот деп ойлойм», — деди ал.