Амантур Исмаилов Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кыргызстандык Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.

Ал бүгүн, 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде беттешке чыккан. Исмаилов 1/16 финалда Венгриянын балбанын утуп, 1/8 финалда ирандыктан утулуп калган. Финалга Ирандын спортчусу чыгып, ал коло үчүн мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Коло үчүн болгон күрөштө Исмаилов атаандашын жеңип алды.