Азия чемпионаты: Алмаз Сманбеков финалга чыкты

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

Спортчу 57 килограмм салмак категорияда беттешип, казакстандык балбанды 2:4 эсебинде, монголиялык балбанды 8:5 эсебинде жеңди. Ал эми алгачкы беттешинде пакистандык балбан килемге чыкпагандыктан автоматтык түрдө жеңиш Алмаз Сманбековго берилди.

Спортчу финалда индиялык Аман Аман менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.