Кыргыз Республикасынын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытай мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште Япониянын мушкери жеңген. Алтын медаль үчүн беттеште Казакстандын мушкерин жеңип 1-орунду ээледи.