Карате боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду.
Спортчу 84 килограммдан жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда сауд аравиялык атаандашын жеңип финалга чыккан.
Чечүүчү беттеште Адилет Шадыканов Олимпиада оюндарынын чемпиону, ирандык Саджад Ганжзаде менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram