Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Спортчу 125 килограмм салмак даражасындагылар арасында беттешип, 1/8 финалда индиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда монгол балбанына жеңилди. Ал эми чечүүчү беттеште өзбекстандык балбан менен күч сынашып, акыркы мүнөттө жеңишти багындырды.