Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында күрөш боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты.
Ал 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Медет кызы биринчи беттешинде Кытайдан барган спортчу менен беттешип, аны 2:1 эсебинде жеңип алган.
Анын кийинки атаандашы Вьетнамдын өкүлү болмокчу.











