Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында финалга чыкты. Ал эркин күрөш боюнча турнирге 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Кыргызстандык кыз 1/8 финалда Кытайдын өкүлүн жеңип, андан соң вьетнамдыкты мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
Жарым финалдык беттеште балбан Кытайдын спортчусун мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы казакстандык Жамиля Бакбергенова болмокчу.
Ошондой эле кыргызстандык Нурзат Нуртаева да финалга чыкты. Ал эркин күрөш боюнча турнирге 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.
Ал 1/4 финалдан баштап, катуу кармашта казакстандык Елена Шалыгина менен беттешип, жарым финалда монголиялык Делгермаа Энхсайхандан күчтүүрөөк болду. Кыргызстандык кыз финалга чыгып, алтын медаль үчүн кытайлык Фенг Жу менен беттешет.
Финалдык блоктун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.